Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Ереван Тоолуу Карабактагы армяндардын лидерлеринин кармалышын айыптады


Аркадий Гукасян, Бако Саакян, Араик Арутюнян.
Аркадий Гукасян, Бако Саакян, Араик Арутюнян.

Армения Тоолуу Карабактагы армян тектүү калктын лидерлери Аркадий Гукасян, Бако Саакян, Араик Арутюнян, Давид Ишханян, Рубен Варданян жана башкаларды Азербайжандын күч органдары кармаганын айыптады.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Баку диалогго карабай кескин кадамдарга барганы, кармоолор негизсиз болуп жатканы белгиленген.

Азербайжанда бир катар маалымат каражаттары өкмөттөгү ишенимдүү булактарга таянып, жикчил Тоолуу Карабактын мурдагы үч президенти - Араик Арутюнян, Аркадий Гукасян жана Бако Саакян кармалганын 3-октябрда жазышкан.

Соңку кармоолор тууралуу Баку азырынча расмий комментарий бере элек.

Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган. Армян бийлиги 100 миңден ашуун адам келгенин, алар турак-жай менен камсыздалып жатканын маалымдаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдогон.

Азербайжан өкмөтү Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG