Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Бишкекте дагы тогуз тез татым түйүнү убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору дагы тогуз тез татым түйүнү жабылганын кабарлады. Текшерүүнүн жыйынтыгында 247 миң смодук айып пул салынды.

Мунун алдында аталган борбор 37 тез татым жайын текшерип, алардын 10ун убактылуу жапкан эле. Аларга 588 миң сом айып пул салынган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүн текшерүүнү тапшырган.

Шаардагы тез татым түйүндөрүндө шаурмадан жапырт уулангандардын саны 71 адамга жеткени белгилүү болгон.

Министрликтин басма сөз кызматы ооруканага 36 адам жактырылганын, алардын арасында 10 жаштан 14 жашка чейинки беш бала бар экенин билдирген.

Саламаттыгы жакшыра баштагандар үйлөрүнө амбулатордук дарылоого чыгарылат.

Буга чейин жапырт уулануу Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында болгону кабарланган. Бул жайларга 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылган.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

XS
SM
MD
LG