Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:12

Европарламент 50 млрд евролук Украина фондун түзүүнү жактырды


Европарламент Европа биримдигинин 2021-жылдан 2027-жылга чейинки узак мөөнөттүү бюджетине өзгөртүүлөрдү бекитти. Ага көлөмү 50 миллиард евро болгон Украина фондун түзүү да кирет. Бирок аны ишке ашыруу альянстын мүчөсү - Венгриянын турумунан көз каранды.

Бул фондду түзүү планын Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен июнь айында билдирген. Анын максаты - Украинадагы мамлекеттик бюджетти жана түрдүү программаларды колдоо үчүн каржылык резерв түзүү. Фонддун каражатына курал-жарак сатып алынбайт. Ал насыя жана жарым-жартылай грант менен каржыланат.

3-октябрда Евробиримдик Венгрияга багытталган, бирок Брюссель менен Будапешттин ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөн улам бөгөттөлгөн каражатты бошотууну көздөп жатканы тууралуу кабарлар чыкты. Мындан улам Венгрия бюджетке киргизилген өзгөртүүнү колдойт деп күтүлүп жатканын Financial Times жана Reuters жазды.

Европа Биримдиги Венгрияны премьер-министр Виктор Орбандын тушунда сот системасында мыйзам үстөмдүгү бузулганын белгилеген.

Орбан Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлеринин ичинен Кремлге эң жакын саясатчы катары сыпатталат. Венгрия Украинага аскердик-техникалык жардам бербейт.

XS
SM
MD
LG