Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Салык кызматы автоунаа жана батир алып сатуудагы төлөм боюнча түшүндүрмө берди


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы унаа сатууда анын баасынын 10% салык катары кармалып жатканын айткан жарандын видео кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков “Азаттыкка” билдиргендей, унаа жана турак жай алып сатуудагы мындай талап мурунтан эле бар. Эгер жаран сатып алган унаасын же турак жайын бир жылдын ичинде кайра сата турган болсо, андан көргөн пайданын 10% салык катары төлөшү керек.

“Эгер жаран мүлкүн сатып алгандан бир жылдан кийин сатса, эч кандай салык төлөбөйт. Бул жерде алып сатарларды салык төлөтүү маселеси турат. Бул норма мурдагы Салык кодексинде да бар болчу. Анда азыркы бир жылдык мөөнөт эки жыл деп көрсөтүлгөн болчу”, - деди Сазыков.

Ал Салык кызматы мүлктү алып сатуу операцияларына онлайн байкоо сала баштаганы жана фискалдаштырууну жакшыртканы үчүн бул маселе көтөрүлүп жатканын билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарга бир жаран “Унаа” ишканасынын кеңсесинен тартылган видеону жарыялап, унаа алып-сатууда кирешеден 10% салык алына баштаганын айткан.

Салык кызматы өлкөдөгү көмүскө экономиканын үлүшүн 34% деп эсептеген. Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычов 26-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде билдирген.

Былтыр Мамлекеттик салык кызматы 2023-2025-жылдардагы өнүктүрүүнүн стратегиясын бекиткен. Анда жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана адилеттүү салык системасын түзүүгө багытталганы айтылган.

Буга чейинки ар кандай изилдөөлөрдө көмүскө экономика 40-50% түзөрү айтылып келген.

XS
SM
MD
LG