Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Коргоо министрлигинде кадрдык орун алмашуулар болду


Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу техника жана кыргыз жоокерлери. Илллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу техника жана кыргыз жоокерлери. Илллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Маалыматта айтылгандай, Эрлис Тердикбаев Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы кызматына Руслан Мукамбетов келди. Ал буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын командири болуп турган.

Акылбек Ибраев коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулуп, Алмазбек Карасартов министрдин орун басары кызматына жана Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын командири болуп дайындалды.

Кыргызстанда 2021-жылдын октябрынан бери коргоо министри кызматында Бактыбек Бекболотов иштеп келатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG