Бишкекте Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры койгон “Күн кармаган бала” спектакли кызуу талкуу жаратты. Эл жазуучусу Султан Раевге таандык бул чыгарманы жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев коюп, спектакль 29-сентябрда “Арт-одо-2023” театр фестивалында гран-приге татыган.
"Турсийчен койсоңор болбойбу?"
“Күн кармаган баланы” сындап жаткандарга спектаклдеги эне оорукчан бакма баласын жылаңач жуунтуп жаткан жери жаккан эмес.
Эдилбек Амантур аттуу Фейсбук колдонуучусу актёрдун чечинген ойногон учуру улуттук менталитетке доо кетирет деген оюн жазды:
"Театр, кинодо кыргыз режиссёр-коюучулар каармандарын жылаңачтабай эле эмне деген керемет чыгармаларды жараткан. Азыркылар эле бул искусство деген шылтоо менен улуттук менталитетти толук жок кылууга киришти. Кой деген кожо жок. Туура эмес десең балээге каласың. Чыныгы бузукуларды айта жүрөлү!", - деди ал.
Ушундай эле маанидеги пикирди журналист Семетей Талас уулу да карманат.
“Ич кийимчен деле спектакль койсоңор болот беле? Дагы маданияттын адамдарыбыз дешет өздөрүн. Ушундай уят-сыйытты жыйыштырган сценаларды аткарган актёр-актрисаларга эч сыйым жок. Көрүүчүлөрдү, элди иренжитпегиле”.
Коомчулукта спектаклдин бир эпизоду гана талкууланып, ички маңызына көңүл бурулбай жатканын айткан катмар да бар.
Белгилүү театр сынчысы, драматург Жаныш Кулмамбетов спектаклди баштан аяк толук көрүп, анын ички маңызын түшүнгөн киши баланы энеси жылаңач жуунтуп жатканын жерин уят катары көрбөйт деген ойдо. Ал коомчулукта кайсы маселелер чыныгы уят экенин санап берди:
“Уят деп, абийирсиз деп, так ушул азыр өтүп жаткан, ыймансыз өз атасы кызын зордуктаган, жүзү кара бетпак чоң атасы наристе небересине кол салган, мал-жандуу карачечекей агалары, тагалары алсыз бөбөгүнө аңгилик кылганды айтат. Ошондой эле уятчыл экенбиз, "кокуй, ушул адам кылбас кылыктын баары кыргыздын бетине чиркөө болуп атат, көө жабылып атат, муну кантип токтобуз" деп эмне үчүн жандалбастабайбыз?! Анын ордуна оюндун жалпы контексттинде гана айкын боло турган метафоралык мааниси, символикасы терең сценанын маңызын түшүнүп-түшүнбөй, билип-билбей асылабыз”.
Спектаклдин режиссеру Уланмырза Карыпбаев талкуу жараткан каарманынын образы тууралуу буларга токтолду:
“Биз бере турган маани ушундай болчу: Чындык жалгыз болот, чындык жылаңач болот. Бул спектаклдин мааниси да ошондо. Анда чындык деп чыркырап жүргөн адамдын баары жок болуп кетет. Бир гана чыгармадагы күндү кармаган бала күндү тике карай алат. Калгандарынын баарынын күнөөсү бар. Ошол оорукчан каарман баланын тагдырына ким күнөөлүү экенин ачып бергенге аракет кылдык. Бул эпизоддон кийин бала жалгыз жуунуп жаткан жери бар. Анда чечингенге да күчү жок, себеби ал оорукчан бала. Ошол жалгыз өзү жуунган жери аркылуу чындык жалгыз, жылаңач болот деген ойду айткыбыз келген. Сындагандарды чыгарманы толук көрүүгө чакырам".
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов "Күн кармаган бала" спектакли тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу комментарий берди.
"Спектаклди көрүүчүлөр бир дем менен көрүп, болуп көрбөгөндөй триумф жаратып, азыркы коомчулукта орун алган чоң жараны жарып жиберди. Социалдык тармактарда чыгарманы окубай, аталган спектаклди көрбөй туруп, эки сааттан ашуун убакытка созулган спектаклдин сегиз секунд гана жерин кесип алып, аны коомчулукка жарыялап талкуулап жаткан жарандар, жаш режиссер Уланмырза Карыпбаевдин аталган чыгарманын маани мазмунун чындык менен ачып бериши, эненин балага болгон мээрими жана бүгүнкү коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айдан ачык көрсөтүп бергени жакпай калгандыр!? Көркөм чыгармада режиссердун айтайын деген ою, алдына койгон максаты эң чоң мааниге ээ. Аны түшүнүп-билбей туруп, чыгармачылыкка жол тосуп, Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалуу драма театрынын жана жаш режиссердун ийгилигин көрө албай жаткандар болбосун? Театр тирүү организм. Театр жеке спецификага ээ", - деп жазылган Максүтовдун билдирүүсүндө.
"Чыгарма жүрөгүбүздөгү күн тууралуу"
"Күн кармаган бала" повестинин автору, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, жазуучу Султан Раев чыгарма тууралуу буларды билдирди:
Спектаклдин кыскача мазмуну тууралуу кеп кыла турган болсок, СССР доорунда планды аткара албай, айылдагы эски мазардын жерин бузуп, ал жерге жүгөрү айдоону чечкен айыл башчы Раистин жоруктары сүрөттөлөт. Ал жанындагы кошоматчыларга орден, сыйлыктарды тапшырып, эл кызыкчылыгын унут калтырат. Ошол эле маалда чыгарма жоопкерчиликтен качкан элди, калк ичиндеги түрдүү зомбулуктарды ашкерелейт.
"Арт-ордону" жеңген спектакль
Ар эки жылда уюштурулуп келген "Арт-ордо" фестивалы быйыл кыргыз театр жана кино искусствосуна өчпөс из салган жаркын талант Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналды. Бишкекте 25-29-сентябрь аралыгында өткөн фестиваль түрк тилдүү элдердин театр ишмерлеринин башын бириктирген аянтча болуп калды.
25-сентябрда башталган "Арт-ордо-2023" фестивалы Назым Мендебаиров койгон “Төлгө” спектакли менен ачылып, төрт күн бою орус, түрк, азербайжан, казак элинин спектаклдери менен уланды.
Калыстардын чечими менен ондогон спектаклдердин ичинен К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры койгон "Күн кармаган бала" жана К.Куанышбаев атындагы казак мамлекеттик академиялык музыкалык драма театры койгон “Баян сұлу – Қозы Көрпеш” спектаклдери баш байгени жеңип алды.
Жаныш Кулмамбетов "Күн кармаган бала" спектакли кайсы учур болбосун актуалдуулугун жоготпойт деген ойдо:
“Ал спектаклдеги болуп жаткан окуялардын баары тең биздин коомдун кандай деградацияга учураганын көрсөтөт. Анда жалпысынан Брежневдин доору сүрөттөлгөнү менен, чыгарманын бүгүнкү күнгө да үндөштүгү бар. Ошол эле кошоматчылык, кайдыгерлик азыр деле уланууда да. Демек, бул чыгарма мындан кийинки мезгилде деле ошол учурдагы саясий окуялардын боёгу менен боёлуп, актуалдуу боло берет”.
Искусстводо жылаңач адамдар катышкан окуялар буга чейин да коомчулукта кайчы пикирлерди жараткан. 2019-жылдын аягында Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде аялдардын укугуна арналган иш-чарада жылаңач аялдын перфомансы социалдык тармактарда талкууга түшүп, сынга кабылган.
Кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу деген негизде иштен кеткен.