Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:32

Тажик оппозициясы Берлинде нааразылык акциясын уюштурду


Тажикстандын Берлиндеги элчилигин алдында уюштурулган акция. 28-сентябрь, 2023-жыл
Тажикстандын Берлиндеги элчилигин алдында уюштурулган акция. 28-сентябрь, 2023-жыл

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү Тажикстандын Берлиндеги элчилигинин алдында 28-сентябрда нааразылык акциясын өткөрүп, президент Эмомали Рахмондун Германияга келишине каршылыгын билдиришти.

Рахмон Германия-Борбор Азия саммитине катышуу үчүн Берлинге 28-сентябрда барган.

Акциянын катышуучулары тажик президентин саясий өңүттө куугунтукталгандарды түрмөдөн бошотуп, өлкөдө адам укугунун сакталышын камсыздоого чакырышты.

Алардын биринин айтымында, дипломатиялык мекеменин алдына «Группа 24» кыймылынын жана Тажикстандын улуттук альянсынын отуздай тарапташы катышты

Тажикстандын улуттук альянсына чет жактагы төрт оппозициялык топ кирет. Алардын баарына жана «Группа 24» кыймылына Тажикстанда тыюу салынган.

Элчиликтин алдына акция өткөрүүгө Берлин мэриясы уруксаты берген, кырдаалга жергиликтүү полиция кызматкерлери көз салып турушту.

29-сентябрда "Алга Өзбекстан" кыймылынын активисттери Берлинде акцияга чыгышарын жарыялашты. Алар Өзбекстанда сөз эркиндиги, саясий укуктар чектелип, соңку кездери диний эркиндик да ооздуктала баштаганын белгилешүүдө.

"Биз Өзбекстандын элин жана дүйнө коомчулугун өзбек бийлигинин диктатордук саясат жүргүзүшүнө макул болбоого, мекенибизде адам укуктарынын сакталышына салым кошууга чакырабыз", - деди кыймылдын төрагасы Намоз Нормумин бейшемби күнкү кайрылуусунда.

Ушундай эле акцияларды тажик жана казак активисттери да уюштурары маалымдалды.

29-сентябрда Берлинде Германия+Борбор Азия саммити башталды. Ага Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери катышууда.

XS
SM
MD
LG