Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Ташкенттеги жарылуудан өспүрүм каза болуп, ондогон киши жабыркады


Ташкенттеги жарылуу. 28-сентябрь, 2023-жыл.
Ташкенттеги жарылуу. 28-сентябрь, 2023-жыл.

Ташкенттеги Сергели районундагы кампада болгон жарылуудан 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү кыйылып, 160 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24 киши ооруканага жеткирилди, алардын абалы туруктуу.

Бажы кампасындагы жарылуу 28-сентябрга караган түнкү саат үчтөрдө болгон. Жарылуудан кийин тутанган өрт 3000 чарчы метр аймакка жайылган. Өрттү өчүрүү сегиз сааттан бери уланып жатат.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жарылууга чагылган себеп болгонун билдирди.

Эл аралык логистика борбору кампада эч кандай жарылуучу заттар болбогонун белгилеп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, кампага жакын жерде жашаган 2006-жылкы өспүрүмдүн үстүнө терезе кулап, ал мүрт кеткен.

Жарылуудан улам жакын жердеги батирлердин, дүкөндөрдүн жана башка имараттардын терезелери сынып кеткени айтылууда.

XS
SM
MD
LG