Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушталууда


Оңдо туунун сунушталып жаткан варианты.
Оңдо туунун сунушталып жаткан варианты.

28-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат.

Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен диллеманы пайда кылууда”.

“Ошондуктан күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат” деп белгилешти авторлор.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламентинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган, анда 3-берене менен тууну сүрөттөө бөлүгү келтирилип, түстүү жана схематикалык чагылдырылышы тиркелген. Анда “Мамлекеттик туу ортосуна кырк нуру тегиз, түз чачыраган алтын түстөгү тегерек күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч түрүндөгү кызыл түстөгү кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт” деп жазылган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен “Түндүктүн радиусу туунун энинин алтысынын бирин түзөт. Нурлуу алкактын сырткы радиусу нурлуу алкактын ички радиусу менен түндүктүн ички айланасынын радиусунун суммасына барабар. Нурлуу алкактын ички радиусу туунун энинин беш жарым бөлүгү менен түндүктүн борборунун аралыгынын эки эселенген суммасына барабар” деген сүрөттөө кошулууда. (RK)

XS
SM
MD
LG