Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Парламент кышка даярдык маселесин Акылбек Жапаровсуз кароодон баш тартты


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Өлкөнүн кышка даярдыгы тууралуу маселе бүгүн 28-сентябрда Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынды. Парламенттин кароосуна “Экономика тармактарын жана калкты 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу” токтомунун долбоору коюлган.

Төрага Нурланбек Шакиев өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен сүйлөшкөнүн, ал тийиштүү жетекчилер катышарын, вице-премьерлер баары чет өлкөлөрдө иш сапарда жүрөт деп айтканын, энергетика министри түздөн-түз жооптуу кызмат адамы болгондуктан анын катышуусу жетиштүү болот деген оюн билдирди.

Министрдин сөзүнөн кийин алгач сөз алган депутат Акылбек Түмөнбаев маселени күн тартибинен алып салууну сунуш кылды.

“Ар кандай маселелерди бүгүнкү күн тартибинен алып, кышка даярдыкты кароого Министрлер кабинетинин төрагасы, вицелери, мэр, министрлери менен кошо келсин деп айтылган. Сооронбай Жээнбеков премьер болуп турганда төрагалык кылуучулар так ушинтип адвокат болуп олтуруп элибизди кышында үшүтүп, шаар тургундары далай кыйынчылык көргөн. Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы, орун басарлары бири келген жок. Ошондуктан сунуш кылам, бүгүнкү күн тартибинен алып, эмки жумага Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келип, бардык суроолорубузга жооп берсин”.

Депутаттын бул сунушун башка да эл өкүлдөрү колдоп чыгышты.

Жыйынга катышкан президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөттө атайын келбей коюу деген ой жок экенин билдирди:

“Вицелерден Бакыт Төрөбаев Кытайда дүйнөлүк транспорттук форумда, ал эртең келет. Адылбек Касымалиев Москвада Евразиялык комиссиянын чогулушунда. Акылбек Жапаров командировкадан кечээ келди. Бир аз ооруп, температура болуп жаткан экен, ага карабай бүгүн жумушка чыкты. Азыр эл аралык форумда отурат”.

Бейшемби сайын парламенттин түшкө чейин жалпы жыйынында депутаттарга ар кандай маселелерди айтууга мүмкүнчүлүк берилет, бүгүнкү жыйындын күн тартиби алдын ала өзгөртүлүп, кышка даярдык каралмай болгон.

Кышка даярдык маселесин күн тартибинен алуу сунушун депутаттар бир добуштан колдошту.

Бул маселени кийинки аптанын шаршемби-бейшемби күндөрү кароо чечими кабыл алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG