Улуттук коопсуздук комитети Бишкекте бир судьяны пара алууга шек санап кармап, соттун чечими менен камакка алды.
Соттор кеңеши 26-сентябрдагы жыйынында эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Кармалган соттун адвокаты атайын кызматтын билдирүүсүн четке кагууда. Кыргызстанда сот адилеттигине жана мыйзам үстөмдүгүнө келгенде сын күч, сот тармагы жемкорлукка батканын буга чейинки бийлик да мойнуна алган.
Судьянын кармалышы сот системасындагы коррупция көйгөйүн күн тартибине чыгарып, талкууну күчөттү.
"Коррупциялык схема түзүлгөн"
УКМК 27-сентябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы И.Н.А опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалып, камакка алынганы тууралуу маалымат таратты.
"Сот тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы опузалап акча алганы үчүн кармалды. Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң АКШ долларын (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схемасы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды", - деп жазылган билдирүүдө.
УКМК Бишкек шаардык сотунда "туруктуу коррупциялык схема" иштегенин төмөнкүчө түшүндүргөн:
"Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акчаны өз кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган. Судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин гана акчаны алган".
Атайын кызмат коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далилдөө үчүн ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалады.
Маалыматка караганда, шектүү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды.
Мекеме кармалды деген экинчи судья тууралуу маалымат берген жок.
27-сентябрда Соттор кеңеши маалымат таратты. Анда 26-сентябрда чукул жыйын өтүп, Бишкек шаардык сотунун жана Ленин райондук сотунун судьяларын (ред. эки судьяны) кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бергени жазылган. Эки судьяны кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө президентке сунуш берилген.
Судьянын адвокатынын билдирүүсү
Бул аралыкта кармалган судьянын адвокаты Кайсын Абакиров УКМКнын жана Биринчи Май райондук сотунун аракети Конституцияга жана башка мыйзамдарга каршы келерин айтып чыкты. Ал Фейсбуктагы баракчасында өзү жактаган судьянын фамилиясы Илиязова (ред. Назгүл Илиязова - Бишкек шаардык сотунун судьясы) экенин жана анын кармалышы мыйзамсыз болгонун билдирген.
"УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жана Биринчи Май райондук соту өздөрүнө президенттин укуктарын ыйгарып алган. Алар өзүм билемдик менен Соттор кеңешинин чечимисиз жана президент Жапаровдун тиешелүү жарлыгысыз эле Бишкек шаардык сотунун судьясын айыптуу катары кармап, камашты. "Соттордун өзүн-өзү башкаруу органы тууралуу" мыйзамга ылайык, Соттор кеңеши судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген учурда аны кызматынан убактылуу четтетүү боюнча президентке сунуш киргизет. Жогорудагы мыйзамга ылайык, Соттор кеңешинин чечими жарыялангандан тартып үч күндүн ичинде күчүнө кирет. Судья Илиязова Н. бул тергөө ишине эч кандай тиешеси жок, ал эч кимден акча талап кылган эмес. Даттануучунун туугандарынын кылмыш иши анын өндүрүшүндө эмес эле. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 5 миң доллар өлчөмүндөгү, атайын белгиленген акча каражаттары да табылган эмес", - деп жазды Абакиров.
Адвокат муну менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу эрежесин аныктаган мыйзамдар жана айыпсыздык презумпциясы одоно бузулганын белгилеген.
Соттордун мыйзамсыз чечими, азайбаган зомбулук
Соттор кеңеши 22-сентябрдагы жыйынында бир катар соттордун ишин карап, айрымдары тартип жазага тартылганын билдирген. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук берилген. Бир катар судьяларга сөгүш жана эскертүү берилгени кабарланган.
Жогорку Сот тараткан маалыматка ылайык, бир жыл ичинде 28 судьяга каршы сунуш түшкөн. Алардын ичинен үч судья мөөнөтүнөн мурда бошотулган, беш судьяга алдын ала эскертүү, үч судьяга эскертүү берилген.
Ал эми төрт судья боюнча сунуштар кайтарылган, эки судья боюнча баш тартылган. Учурда дагы 11 судьянын иши Соттор кеңешинде каралып жатат. Жогорку Сот муну сотторду тартипке чакыруу аракети катары түшүндүрдү.
Коомчулукта соттордун көз карандысыздыгы, коррупция боюнча сын-пикир тынбай айтылат.
Бир нече күн мурда Бишкектин четиндеги Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактаган келиндин окуясына байланыштуу да соттор сындын бутасында калды.
Келиндин апасы Тинатин Катаганова кызы буга чейин мурдагы күйөөсүнө каршы эки ирет сотко арызданып, бирок ал соттордун чечими менен бошонуп кеткенин айтып чыкты.
"Эки жолу тең соттор чыгарып жибергени үчүн кызым ушундай зомбулукка дуушар болду. Алардын мыйзамсыз чечими ушуга жеткирди", - деди ал.
Бул окуядан кийин Жогорку Соттун төрагасы чукул жыйын өткөрүп, келиндин арызын караган соттордун ишине өзгөчө катуу баа берилерин билдирген.
Чүй облустук соту 27-сентябрда бычакталган келиндин мурдагы күйөөсүн (А.Э.) "зордуктоо" беренеси менен мурда козголгон иш боюнча сегиз жылга эркинен ажыратты. Ага карата Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 17-апрелиндеги чечими өзгөртүлүп, пробациялык мөөнөт алынды.
Жогорку Соттун түшүндүрмөсүнө караганда, биринчи кылмыш иши былтыр 19-октябрда Сокулук райондук сотунда каралып, кыскарган. Буга жабырлануучунун тосмо арыз бергени жана сот отурумунда тараптар элдешкени себеп болгон.
Экинчи кылмыш иши да Сокулук райондук сотунда каралып, айыпталуучу беш жылга кесилген. Сот шектүүнүн улгайган, көзү азиз апасын карай турган эч ким жок деген негизде жана аны менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып, үч жылдык пробация менен бошоткон.
Жабырлануучу буга макул болбой Чүй облустук сотуна даттанган, анын арызын кароо 27-сентябрга белгиленген. 20-сентябрда Селекция айылында 36 жаштагы аял кулак-мурду кесилген, сабалган абалда ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголгон, тергөө уланып жатат.
Карга карганын көзүн чукубайбы?
Кыргызстанда сот системасы - коомчулуктагы сындын бутасында турган тармактардын бири. Судьялардын жоопкерчилигине, тартибине көңүл бурулуп жатканы менен, аларга карата өкүм кандай аткарылганы көбүнчө коомчулукка белгисиз бойдон калат.
Жарандык активист Эржан Сулайман сотторго козголгон кылмыш иши аягына чыгарына көзү жетпей турганын айтты:
"Судьялардын кылмыш иши канчалык аягына чыгат? Кеп ушунда. Анткени бул судьянын ишин кайра эле башка судья карайт. Ал кесиптешинин ишин акыйкат карайбы? Жеңил жаза берип койсочу? Мына ушундай суроолор туулат. Бул бир жагынан жакшы көрүнүш болгону менен, системдүү түрдө оңолуу жолуна түштү деп айтууга кыйын. Анткени бүгүнкү күнү соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуудан тартып, тажрыйбасы, адамгерчилиги сот болуп иштөөгө канчалык мүмкүнчүлүк берет деген маселелердин баарына кадр тандоодо көңүл бурулушу керек. Биз бүгүн көп эле соттук иштерде судьялардын сабатсыздыгын көрүп жатабыз. Айрым соттор садага чабылып, кээ бир судьялар эч нерсе болбогондой иштеп жатышканы системанын оңолбой жатканын көрсөтүп турат. Адамдар алмашса да, система алмашпай жатат".
Өлкөдө судьялардын көз карандысыздыгы да күн тартибиндеги маселелердин бири. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын оюн угалы:
"Көз карандысыз сот өзү чыгарган чечими үчүн жоопко тартылбашы керек. Анткени ал чечимди өзү чыгарат. Ошондуктан бизде соттун чечими талкууланбайт, даттанууга жатат. Сотторго бийлик, өкмөт жана башка тараптардан басым жасалбашы керек. Алардын айлык акысы жашоосуна жетишерлик өлчөмдө, башкалардан акча алууга мажбурланбай тургандай өлчөмдө төлөнүп берилиши керек. Тилекке каршы, бизде соттор көз каранды бойдон кала берүүдө. Ошондуктан башаламандык токтобой жатат", - дейт ал.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында бир нече ай отуруп чыккан, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сот тармагы "коррупциялашкан тармактардын сап башында турат" деп белгиледи:
"IRI (АКШнын Эл аралык республикалык институту - ред) институтунун акыркы сурамжылоосу көрсөткөндөй, Кыргызстанда коррупциянын башында сот системасындагы коррупция биринчи орунда турат. Көп жылдан бери эле ушундай болуп, сурамжылоого катышкандар судьяларды, жалпы эле укук коргоо органдарын биринчи орунга коюшат. Буга мен тергөө абагында отурганымда өзгөчө ынандым. "Сотко баланча беришим керек эле" деп акча издеген эле киши. Бөгөт чарасы үчүн биринчи инстанцияга мынча, экинчисине мынча деп, ар бирине өзүнчө мерчемделген сумма (ставка) бар экен. Бизде судьялар кызматка адилеттик кылуу үчүн эмес, макам үчүн, акча, пара алуу үчүн барат. Бүгүнкү күнү соттордун айлык акысы кыйла жакшырды, бир топ жогору. Бирок ошого карабай, алар пара алганын токтоткон жок. Бул бийликке сот реформасынын кереги жок. Анткени аларга көз каранды соттор керек".
Клара Сооронкулова Фейсбуктагы баракчасына УКМК пара алууга шек санап кармаган Бишкек шаардык сотунун кармалган судьясы Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын арызын карап, чечим чыгарганын билдирди.
IRI "АКШнын Эл аралык республикалык институту) быйыл 5-25-май күндөрү Кыргызстанда адамдардын үйүндө бетме-бет маектешүү жолу менен сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 65% "Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй - коррупция" деп билдирген. "Өтө коррупциялашкан мамлекеттик органдар" деп сот, жол коопсуздугу кыймылы, медицина, милиция, жогорку окуу жайлар, прокуратура жана бажы кызматын көрсөтүшкөн.