Жогорку Кеңеш 27-сентябрда “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Бул документти өкмөт сунуштаган жана анда ириде мындай уюмдардын ишин көзөмөлдөп-тескеген мамлекеттик мекемени аныктоо каралган. Ошондой эле мындан ары үйдөн дагы, акчадан дагы куру жалак калган учурларды алдын алуу чаралары белгиленген.
Соңку жылдары кооперативдерге байланыштуу миңден ашык жаран зыян тартып, жүздөгөн кылмыш иштери козголду.
Бактияр аттуу жаран эки жыл мурда Москвадан келгенде үйлүү болууну самап, "Ихсан" кооперативине тапкан-ташыган каражатын - жарым миллиондон ашык акчасын салган. Ушул кезде ал же үйлүү болбой, же акчасын кайтарып ала албай убара тартып келет.
"Мен азыр үйдөн дагы, акчадан дагы куру калдым. Үй алам деп апамдарды Баткенден көчүрүп дагы келип алган элем. Азыр эми там алууга эч кандай жол жок болуп жатат. Мен "Ихсанга" эки жыл мурда 560 миң сом салгам, ошол маалда доллар кымбаттап кеткен эле. Азыр эми апам мени улам-улам эле "Ихсанга" бар дейт, барган менен мени ал жерде эч ким укпайт. Эки жыл мурда Москвадан келгем. Ушундай компания бар экен, үй алса болот экен дегенди угуп Ош базарына баргам. Кулиев көчөсүндө "Ихсан" деп жазылып турган экен. Ал жактан үйдү үч айда аласың дешти. Эки күн кандай болот деп сураштырып жүрдүм. Бул "пирамида" эмеспи десем, "ай байке, бул пирамида эмес, 100% кепилдик беребиз, үй аласыңар" дешти. Ошондо колумдагы долларды, рублди сомго ооштуруп бергем. Ошол маалда мени 500 бир канчачы орунга кезекке коюп, андан кийин 300 бир канчанчы орунга жылгам. Ошол маалда мен эки миллион сомдук үйдү караштырып жаткам, ошол үйдү алам деп 25% бергем да. Эки жыл мурда мен 22 миң долларга үй ала алмакмын. Кийин маселелер чыкканда "Ихсандын" жетекчиси Акинай Спорт ордосунда жыйын өткөрүп, "ушул кезге чейин үйү жок деле келбедиңер беле, мен тууралап берем дегенден кийин тууралап берем да" деп айтты. Ошол бойдон ал өзү дагы жоголуп кетти. Азыр эми камакта дешет. Мындан ары кандай болорун билбейбиз. Мамлекет ошондо эле алдын алып, ушундайлар бар деп эскертип айтса болмок. Эгер ошентишсе, мен деле бул калп нерсе турбайбы деп кайтмакмын да. Эми үмүттөнүп эле жүрөм, үмүт акырына чейин жашайт дейт го. Бирок канча киши ушунун айынан жүрөгү кармап өлүп кетти, канчасы оорукчан болуп калды", - деди Бактияр.
"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева былтыр июнь айында кармалган жана анын соту ушул жылдын башында башталып, аяктай элек.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Алдын ала эсептөөлөрдө зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлгөн.
"Ихсандан" үй ала албай, акчасын кайтарып ала албай жүргөндөр бир нече жолу акция чыккан. Кооперативдин айрым өкүлдөрү Бекмурзаеванын күнөөсү жок экенин айтып, анын бошотулушун да талап кылышкан.
Улуттук банк буга чейин адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскертип келген.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун маалыматына караганда, жалпысынан 162 турак жай кооперативи каттоодон өткөн. Алардын ичинен 30га чукулу 2018-2020-жылдары катталып, активдүү иш жүргүзүп келген.
Сыдыковдун ырасташынча, эгер мыйзам өзгөрсө, кооперативдерди ишин көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган аныкталат. Элден чогулган каражатты пайдалануу, кезекке коюу тартиби болот.
"Турак-жай кооперативдери 2018-жылы ишин жандантып, өз ара жардамдашуу жолу менен көбөйүп келди. Бирок ошол жерде башкаруучу болгондор кооперативдердин мыйзамдарын жана уставдарын толук түшүнбөй, башаламандыкка жол бергендиктен коомубузда ушундай ызы-чуулар чыкты. Эң биринчи маселе - бул каражаттардын максатсыз колдонулушу болду. Биз азыр мыйзамга каражатты уставда көрсөтүлгөн максаттарга гана жалпы мүчөлөрдүн чечими менен жумшайсыңар деп киргизип жатабыз. Жанагындай стадионго эл толтуруп, ырчы-чоорчуларды, коомдук, диний ишмерлерди чакырып, реклама кылып, аларга сый акы бергенде анын баарын өзүңөрдүн чөнтөгүңөрдөн төлөйсүңөр деп жатабыз. Экинчиси, булар мөөнөтсүз кезектерди коюп алган. Үйдү үч айда аласың, беш айда аласың деп убада кылып келишкен. Чынында бул кыргыздардын ашар принцибине эле окшош да. Баары топтолсо, бирөөнүкү бүтөт деп келишкен да илгери. Биз бул кезекти дагы анык кылып жатабыз. Мисалы, буга чейин четте жүргөн мигранттар бирөөгө чала калып эле "мен акча котордум" деп жүргөн. Биз кандай гана учур болсо дагы акча банктагы эсепке түшүп турсун, андан кийин мүчөлүк китепти аралыктан болсо дагы алышсын деп жатабыз. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин мындай кооперативдерди көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныкталат жана ал тийиштүү деңгээлде мониторинг жүргүзүп турат. Азыр төрт мамлекеттик органдын ортосунда турат. Бул Юстиция министрлиги, Финансылык чалгындоо, Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу мекемелери жана Улуттук банк. Азыр кайсы мамлекеттик орган тандалары такталып жатат. Мыйзам кабыл алынгандан кийин жобону даярдайбыз".
Парламент жыйынында үйлүү болууну эңсеп-самаган жарандар алданып калган учурлар азая электиги айтылды. Айрым депутаттар мындан улам мыйзамга кооператив негиздеген жарандардын жоопкерчилигин дагы күчөтүүнү сунуштады.
"Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев бул жагдай жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн трагедияга айланганын белгиледи. Өкмөт мындай жарандарга жардам берүүнүн жолун ойлонушу керектигин айтты:
"Кооперативдерге алданган жарандар кайрылбаган бир дагы депутат калган жок. Ушул жердеги 90 депутаттын баарына кайрылып чыгышты. Орусиядан эле жүздөн ашуун адам алданыптыр. Урматтуу өкмөт өкүлдөрү, эми эмне кылабыз? Ошондо миңдеген жарандарды "өзүңөр алдандыңар, күнөө өзүңөрдө, кооперативдерге акча салгыла деп биз үгүттөдүкпү" деп таштап салалыбы? Азыр эми жарандар дагы эмне кылышын билбей калды. Ушунун айынан аялы менен күйөөсү бири бирин "кооперативге акча салбай эле коёлу десе болбой сен көндүргөнсүң" деп урушуп, ажырашып да жатат. Арасында "өмүр бою иштеп тапканымды короттум" деп асынып өлгөндөр дагы бар экен. Өткөндө түрмөлөргө барсак, ар бир камерада кооперативдердеги алдамчылык беренеси менен кармалган аялдар жатат экен. Азыр кооперативге акчасын төлөп, үй ала албай калгандар муну милициядан көрүп жатат. Анткени кооперативдерге барса, алар "биздин банктагы акчаларыбызды ИИМ токтотуп койду, ошолор ачып койсо эле биз силерге кайтарып берет элек" дешет экен. Ошол кооперативдер ИИМге шылтап коюп жатат. Алданган жарандар маселесин кандай кылып чечебиз? Мисалы, Ош шаарындагы айрым кооперативдер араб шейхтеринин сүрөттөрүн илип алыптыр, "биздин Сауд Арабиясынан, Бириккен Араб Эмираттарынан демөөрчүлөрүбүз бар" дешсе, аларга карапайым эл ишенет экен да. Ошентип алдап жүргөндөр дагы бар экен. Ошол бир миллиондон ашык мигранттардын 70-80% эптеп үйлүү болуп калсак деп жүргөндөр да. Анан алар пайызы арзан дешсе, алданып калып жатат да. Ушул жагын да көзөмөлдөп койсоңор. Азыр деле алданып аткан жарандар бар. Биз буга олуттуурак мамиле кылып, алданбагыла деп түшүндүрүшүбүз керек".
Деген менен кооперативдер аркылуу үйлүү-жайлуу болгон жарандар дагы жок эмес.
Депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында жарандардын каржылык сабаттуулугу жөнүндө маселе көтөрдү. Андан сырткары алданып калууга жол бербөө үчүн алдын алуу иштерин күчөтүү керектигин айтты:
"Шылуундар ар кандай жолдорду ойлоп табат. Алар инвестициялык фонд, керек болсо курулуш компаниясы деп айтор формалар менен чыга беришет. Ошондуктан Билим берүү министрлиги мектеп программасына киргизип, каржылык сабаттуулук боюнча окутушу керек. Ушул жактан биз такыр эле аксап жатабыз. Милиция дагы ушундай учурлардын алдын алуу боюнча иштеши керек. Алар жарандар качан арызданып келет деп күтпөй, бирөө реклама берип, акча топтой баштаганда эле иштешсе жакшы болмок. Алардын максаты кандай, кантип иштейт, каражатты кантип пайдаланат, кепилдик барбы деп баарын сурап тактоо керек. Алдын алуу жагынан милиция иштебей жатат. Азыр эми көп эле адамдар кооперативдерди билип калды, бирок эртең эле алардын ордуна башка формадагы уюмдар пайда болот".
ИИМдин соңку маалыматына ылайык, жалпысынан 12 кооперативге кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 950дөн ашык кылмыш иши тергелген. Анын теңинен көбү, тактап айтканда, 600дөн ашууну сотко өтүп, 168 иш кыскарган. Кооперативдерден зыян тарткандардын саны миңден ашык, жалпы зыяндын өлчөмү 692 миллион сом жана 940 миңдей доллар деп эсептелген.