Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

Депутат Нарын аэропортуна сапатсыз асфальт төшөлүп жатканын айтты


Layout of the new building of Naryn airport.
Layout of the new building of Naryn airport.

Жогорку Кеңештин 27-сентябрдагы жыйында депутат Улан Бакасов Нарындагы аэропорттун учуу тилкеси сапатсыз оңдолуп жатканын айтып, өкмөттү чара көрүүгө чакырды.

“Аэропортко сапатсыз асфальт басылып, учак коно турган тилкесине чөп чыгып жатыптыр. Маалыматыңыз барбы?”, - деди депутат.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев тактап маалымат берерин билдирди.

Март айында президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү аэропортту реконструкциялоо иштери башталып, “Манас” эл аралык аэропортунун Нарын аэровокзалынын жаңы имараты курулуп жатканын маалымдаган. Анда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аба каттамдары ачылары айтылган.

1964-жылы ишке киргизилген Нарын аэропортунда 1990-жылдардан бери аба каттамдары токтоп калган. (TSh)

XS
SM
MD
LG