Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматтан бошотулду


Алтынбек Жумаев.
Алтынбек Жумаев.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Алтынбек Жумаев кызматтан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады. Жумуштан эмне себептен алынганы айтылган жок. Ал бул кызматка ушул жылдын май айында дайындалган.

Алтынбек Жумаевдин кесиби юрист жана журналист. 1998-2000-жылдары Улуттук телерадио корпорациясында иштеген. 2005-2006-жылдары өкмөттүн аппаратында эксперт болгон. 2010-жылы “7-каналды” (“Канал D”) негиздеп, соңку убакка чейин аны өзү жетектеп келген.

2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан. 2019-жылы КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясын жетектеген.

Алтынбек Жумаев 2021-жылдын ноябрь-декабрь айларында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп, ошол жылдын аягында президент Садыр Жапаровдун администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

2022-жылдын августунда бул кызматтан бошотулуп, президенттин кеңешчиси кызматына которулуп, 2022-жылдын декабрына чейин иштеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG