Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Салык кызматы көмүскө экономиканын үлүшүн 34% деп эсептеди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматы өлкөдөгү көмүскө экономиканын үлүшүн 34% деп эсептеди. Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычов 26-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде билдирди.

Депутат Алишер Эрбаев өкмөт буга чейин көмүскө экономика 70% чейин деп ар кандай маалымат айтып келгенин белгилеп, так сан жок экенин сындады.

2022-жылы Мамлекеттик салык кызматы 2023-2025-жылдардагы өнүктүрүүнүн стратегиясын бекиткен. Анда жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана адилеттүү салык системасын түзүүгө багытталганы айтылган.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ (көзөмөл-кассалык машина) колдонушу керек.

Бир катар чоң базарларда иштеген соодагерлер буга нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо, товарды кымбаттатууга мажбур болобуз деген жүйө келтиришкен.

Буга чейинки ар кандай изилдөөлөрдө көмүскө экономика 40-50% түзөрү айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG