Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

Ошто зордуктоого шек саналган кримчөйрөнүн мүчөсү Маратов кармала элек


"Казак" деген каймана аты бар Умар Маратов. Архив.
"Казак" деген каймана аты бар Умар Маратов. Архив.

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун “Казак” деген каймана ысымы бар мүчөсү Умар Маратовго 26-июнда издөө жарыяланганы белгилүү болду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кримчөйрөнүн өкүлү үч айдан бери кармала электигин “Азаттык” радиосуна ырастады.

7-июлда Умар Маратов жана анын үч шериги 25 жаштагы кызды зордуктаганын айтып, кыздын жакындары “Азаттыкка” кайрылган. Анда Ош милициясы арыз түшкөнүн ырастап, бирок толук маалымат берген эмес.

Маратовду быйыл 28-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кармап, ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“опузалап талап кылуу”) негизинде иш козголгон. Ал көп өтпөй сот аркылуу 1 млн сом күрөө коюп, үй камагына чыгып кеткен.

Умар Маратов буга чейин 16 жолу соттолгон. Буга чейин 2019-жылы 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалган. Үч жылдан кийин үй камагына чыгып кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG