Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:13

Өзбекстан 1-октябрдан тартып орус газын импорттой баштайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Ташкент 1-октябрдан тарта орус газын импорттой турганын ТАСС агенттиги Өзбекстандын Энергетика министрлигине шилтеме жасап кабарлады.

"Бардык керектүү инфраструктура жана газ куурлары жогорку басымдагы газды алууга даярдалды", - - деди министрликтин басма сөз катчысы Хасан Ташхожаев.

Буга чейин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Өзбекстандын өкмөтү "Газпром" компаниясы менен өлкөгө жаратылыш газын жеткирүү боюнча эки жылдык келишимге кол койгон. Анда бир жылда 2,8 миллиард куб метр көгүлтүр отун жеткирүү каралган.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, келишимдин алкагында 1-октябрдан тарта суткасына 9 миллион куб метр жаратылыш газын импорттоо пландалууда.

XS
SM
MD
LG