Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактандан Арменияга жер которгондор 4850 адамга жеткенин армян өкмөтү 25-сентябрда эртең менен билдирди.
Министрлер кабинетинин саат 12:00дөгү маалыматына ылайык, алардын 3900үнө баш калкалоочу жерлер бөлүштүрүлдү, дагы миңге чукул кишинин муктаждыктары такталууда. Каттоо уланып жатат.
Ал арада Ереванда оппозициянын нааразылык акциялары уланууда. Маалымат каражаттары полицияга баш ийбеген ондогон демонстранттар кармалганын жазышты.
Тоолуу Карабак Азербайжандын көзөмөлүнө өткөндөн бери оппозиция премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган митингдерди уюштурууда.
19-сентябрда Азербайжан бийлиги "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деген максатта Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган.
Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак бийлиги 20-сентябрда түштө ок атууну токтотконун жана азербайжан тараптын бардык талаптарын аткарууга макул экенин билдирген.
Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабакты дүйнө коомчулугунун басымдуу бөлүгү Бакуга таандык деп эсептейт.