Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” сотунда тараптар жарыш сөзгө чыгышты


Бүгүн 25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын кароо уланды. Тараптар жарыш сөзгө чыгып, өз жүйөлөрүн келтиришти.

“ПолитКлиниканын” жактоочусу Нурбек Сыдыков насыя алуу системасы өнүккөн өлкөлөрдө да бар экенин, ал тууралуу сөздөр каралоочу деп таанылбашы керектигин айтты.

“Доогер тарап “Кыргыз-Орус” фондунан 22,9 миллион доллар насыя алган” деген сөздү ЭлТРдин ишмердик беделин тебелеген, чындыкка төп келбейт деп табууну, маалыматты интернеттен алып салууну, төгүндөөнү суранып жатат. Видеону көрүп чыктык. “Насыя алган” деген сөз жок. Ал жерде “Кыргыз-Орус фондунан 22,9 миллион доллар ала турганын кабарлаган деп жазылган”, – деди Сыдыков.

ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов сотко кайрылууга мажбур болушканын, себеби “чындыгында моралдык өтө зыян келтирилгенин” судьяга айтты:

“Биз 31-январда алып чыксак эфирге, булар 3-4 күндөн кийин алып чыгышты ошол эфирге жооп катары. Социалдык түйүндөрдө аябай талкуу болду. Биздин доодо келтирген маалыматтардын жана фактылардын негизинде өтүнүчүбүздү канааттандырып берүүңүздү өтүнөбүз”.

Ал эми “ПолитКлиниканын” адвокаты Алтынай Исаева “Эң негизгиси – алты сөз айкалышы алардын кадыр-баркына шек келтирбейт жана алардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү эмес экенин биз сот отурумунда так, даана көрсөтүп бердик”,-деди.

ЭлТР “ПолитКлиниканы” “ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу 20-февралда сотко берген. Телеканал арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген деп билдирген.

“ПолитКлиника” ЭлТРдин айыптоолорун четке кагып, материал ачык булактардан алынган маалыматтардын негизинде жасалганын билдирип, доону сөз эркиндигине басым деп баалап келет.

Доогер тарап моралдык зыян үчүн 10 миллион сом (медианын өзүнөн 7 миллион, журналисттен 3 миллион сом) талап калууда. (RK)

XS
SM
MD
LG