Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Косоводо полициянын өлүмүнө байланыштуу аза күтүү жарыяланды


Косово полициясы. Окуя болгон жер.
Косово полициясы. Окуя болгон жер.

Косоводо полиция кызматкеринин өмүрү кыйылган атышуудан улам 25-сентябрда аза күтүү жарыяланды. Кандуу окуя жекшембиде өлкөнүн түндүгүндө болду.

Маалымат каражаттары Баньска деген айылга бет капчан, куралчан отуз киши "кол салып монастырды ээлеп алганын" жазышты. Кыштакка полиция жана атайын даярдыктагы аскерлер барып, атышуу башталган.

Натыйжада, бийлик "согушкерлер" деп атаган топтун үч өкүлү жана бир полиция кызматкери каза болду. Тартип сакчыларынан дагы эки киши жараат алып, ооруканага түштү.

Жарым-жартылай таанылган Косовонун премьер-министри Альбин Курти окуяны "террордук чабуул" деп атап, муну "Серб өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулганын" билдирди. Ал монастырды басып алгандарды “профессионал аскер адамдары” экенин белгиледи. Алардын баары кармалганбы же жокпу, маалым эмес.

Ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултту. Ал Косовонун түндүгүндө үч серб набыт болуп, экөө оор жараат алганын айтты. Бул үчүн Косово бийлигин айыптады.

XS
SM
MD
LG