Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Бир катар судьялар тартиптик жазага тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Судьялар кеңеши 22-сентябрдагы жыйынында Башкы прокуратуранын Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасын канааттандырды. Ал жүрүм-турумуна байланыштуу 2022-жылы кызматтан алынган.

Андан тышкары Ош шаардык прокуратурасынын Ноокат райондук сотунун судьясы Гүлнара Абылкасымовага сөгүш берүү сунушун колдоду.

Ошондой эле Чүйдүн Жайыл райондук сотунун эки судьясына, Москва райондук сотунун бир жана Аламүдүн райондук сотунун дагы бир судьясына эскертүү берилди.

Кыргызстанда сот системасы коомчулуктагы сындын бутасында турган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG