Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Франция Нигердеги аскерлерин чыгарып, элчисин чакыртып алууда


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон расмий Париж быйыл июль айында аскердик төңкөрүш болгон Нигер өлкөсү менен аскердик кызматташтыгын токтотуп, элчисин чакыртып алып жатканын билдирди.

24-сентябрда France 2 телеканалына курган маегинде Макрон Франциянын мындай чечими тууралуу Нигердин бийликтен алынган президенти Мохамед Базумду маалымдаганын айтты.

Макрон Базумду барымтада калган жетекчи деп атап, Франция азыр да аны Нигердин жалгыз жана мыйзамдуу шайланган лидери деп эсептей турганын кошумчалады.

Франция бул өлкөнүн жаңы өкмөтүн таануудан баш тартып койгондон кийин алар август айында франциялык элчи Сильвен Иттенин өлкөдөн 48 саат ичинде чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Элчи жана элчиликтин кызматкерлери сыртка чыгуудан коркуп, дээрлик камакта калышкан.

Макрон Франция «Нигердин азыркы бийлиги терроризмге каршы күрөшүүнү каалабагандыктан алар менен аскердик кызматташууну токтотуп жатканын» кошумчалады.

Бул өлкөдө жайгаштырылган франциялык аскерлердин саны 1,5 миңдин тегерегинде. Макрондун айтымында, алар бара-бара чыгарылат жана буга болжол менен бир жылдай убакыт талап кылынат.

Кечээ Нигердин жаңы бийлиги франциялык учактарга бул өлкөнүн аба мейкиндигинен учууга тыюу салган. Air France авиакомпаниясы ансыз деле ал жакка каттамдары жок экенин маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG