Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Украина АКШ менен биргелешип курал-жарак өндүрүүнү макулдашты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

АКШ менен Украина биргелешип курал-жарак, анын ичинде абадан коргонуу системаларын өндүрүүнү макулдашышканын 24-сентябрда кезектеги видеокайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал Кошмо Штаттарга жана Канадага болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

«Американын курал-жарак жана абадан коргонуу системаларын биргелешип өндүрүү тууралуу тарыхый чечими бар. Жакында эле биз үчүн бул кадимки фантастикадай сезилчү эле. Бирок реалдуулукка айланат. Биз муну реалдуулукка айландырабыз», — деди Зеленский.

Ал курал-жарактын кайсы түрү жөнүндө кеп болуп жатканын тактап айткан жок, бирок мындай макулдашуу эки тараптан тең жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачарын, “орусиялык агрессиянын кайталанышына жол бербөө үчүн жаңы күч пайда болорун” белгиледи.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугуКремлди агрессор катары айыптап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG