Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:03

Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт


Кемпир-Абад суу сактагычы. Октябрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Октябрь, 2022-жыл.

Кытайдын "SINOMASH" холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Өзбекстандын Фергана облусуна таза суу жеткирүү долбоорун каржылоону көздөп жатат. Бул тууралуу Фергана облустук администрациясы кабарлаганын "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кытай тарап менен тиешелүү келишимдерге кол коюлган. Мындан тышкары кытайлык компания аймактагы социалдык мекемелерди оңдоп-түзөө жана куруу менен да алектенери кабарланды.

Кытай тарап менен 300 млн долларлык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууларга жетишилген.

Фергана облусунун акимчилиги кабарлагандай, облус башчысы Хайрулло Базаровдун Кытайга сапарында жалпы суммасы 1,37 млрд долларлык 29 инвестициялык жана соода келишимдери түзүлгөн.

Бээжин бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Былтыр Өзбекстан менен Кыргызстан чек арада жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычын чогуу башкаруу тууралуу келишимди ратификациялаган. Макулдашуу боюнча суу сактагыч турган 4485 гектар жер Өзбекстандыкы деп таанылган. Кыргыз бийлиги бул үчүн Өзбекстан 19 миң гектар жер бергенин билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Анын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан 30га жакын саясатчы жана активист камакка алынган, алардын бир тобу ар кандай жүйө менен үй камагына чыккан, азыр 11и тергөө абагында отурат.

XS
SM
MD
LG