Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Чолпон-Атада сел суусу каптаган үйлөр 30га жетти


Селдин кесепетин жоюу иштери. Чолпон-Ата. 2023-жылдын 21-сентябры.
Селдин кесепетин жоюу иштери. Чолпон-Ата. 2023-жылдын 21-сентябры.

Чолпон-Ата шаарында кечээки селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 25 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 25 кызматкер, жергиликтүү бийликтен жана тургундардан 35 адам, жалпысынан 85 адам иштөөдө.

Чоң көлөмдөгү оор жумуштарды аткарууга 8 техника жана 1 мотопомпа жеринде иштеп жатат.

20-сентябрда нөшөр жаандан кийин сел суусу 30 үйдү (алардын үчөөндө суу ичине чейин кирген), эки банк имаратын, бир дүкөндү жана ички жолдорду каптаган. Бактуу-Долоноту, Темир айылдарында да жолдорду суу каптап, Корумду айылында бир үй жабыркаган. Кечке маал тазалоо иштеринин 80% аяктаганы маалымдалган. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG