Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Сокулук районундагы Селекция айылында бычакталган келиндин абалы боюнча маалымат берди.
Саат 11:30дан бери бейтапка операция жасалып жатат. Министрлик кошумча маалымат бериле турганын билдирди.
Мындан мурда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.
20-сентябрда социалдык тармактарда Селекция айылында жашаган бир аялды мурдагы күйөөсү бычактап, денесине оор залал келтиргенин, анын кулак-муруну кесилгени кабарланган.