Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:23

Өзбекстанда прокурор журналисттер Далиев менен Хошимовго 15 жыл сурады


Kompromatuzb иши боюнча соттолуп жаткан журналисттер Мавжуда Мирзаева жана Хуршид Далиев.
Kompromatuzb иши боюнча соттолуп жаткан журналисттер Мавжуда Мирзаева жана Хуршид Далиев.

Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук сотунда 19-сентябрда Kompromatuzb иши боюнча соттук териштирүү жабык уланды.

"Озодлик" радиосу өз булагына таянып жазгандай, мамлекеттик айыптоочу Human.uz сайтынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Хуршид Далиев менен "Узбекнефтегаз" компаниясынын маалымат катчысы Сиявуш Хошимовду 15 жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга журналисттик ишмердик менен алектенүүгө тыюу салууну суранды.

Андан тышкары прокуров Далиев менен Хошимовго 12 миң доллардай айып пул салууну өтүндү.

Kompromatuzb ишинин алкагында жалпы он киши айыпталууда.

"Озодлик" радиосу кабарлагандай, алардын баарына "жалган жалаа жабуу", "опузалап акча талап кылуу", "кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин адалдаштыруу" жана "салык төлөөдөн качуу" беренелери менен айып тагылып жатат.

Тергөөнүн версиясына караганда, айыпталгандар Kompromatuzb Телеграм-каналына маалыматтарды чыгарабыз деп коркутуп, ар кимден акча алышкан.

Буга чейин прокурор журналист, Өзбекстандын Эмгек министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Мавжуда Мирзаеваны алты жылга эркинен ажыратууну судьядан суранган. Мирзаева жарым-жартылай күнөөсүн моюнуна алып, жазасын жеңилдетүүнү акыркы сөзүндө өтүнгөн.

Хошимов өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. Ал эми Далиев прокурор 15 жыл сураганы адилетсиз экенин айтты. Адвокаттардын айтуусунда, бул иш боюнча соттун өкүмү 20-сентябрда жарыяланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG