Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

АКШ элчиси менен Кыргызстандын башкы прокурору адам укуктарын талкуулады


АКШ элчиси менен Кыргызстандын баш прокурору адам укуктарын талкуулады. 20-сентябрь, 2023-жыл.
АКШ элчиси менен Кыргызстандын баш прокурору адам укуктарын талкуулады. 20-сентябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын баш прокурору Курманкул Зулушев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо маселесин талкуулады.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 20-сентябрда кабарлады.

“Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу, өз ара кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда бир нече жарандык активист жана саясатчылар абакта отурат. “Клооп” сайты бөгөттөлүп, “ПолитКлиника” сыяктуу эркин медиалар соттошууда.

13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алган.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун - “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскерткен эле.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Европа парламентинин күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган жана өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта чагылдырган резолюциясына карата өкүнүчүн" билдирген.

Бир нече эл аралык уюм кыргыз бийлигин адам укуктарын, сөз эркиндигин сактоого чакырган. Расмий Бишкек өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG