Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:20

Казакстан: Назарбаевдин иниси Самат Абиш боюнча иликтөө жүрүп жатат


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш. 6-май, 2017-жыл.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш. 6-май, 2017-жыл.

Казакстандын Башкы прокуратурасы 19-сентябрда билдиргендей, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абишке каршы сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Ал Январь окуялары маалында кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Мекеме тараткан билдирүүдө "Конституциянын нормаларына ылайык, баары мыйзам алдында бирдей экени" белгиленген.

Башкы прокуратуранынын билдирүүсүнөн бир күн мурда, Январь окуялары боюнча айыпталып жаткан коопсуздук комитетинин бешинчи департаментинин мурдагы башчысы Руслан Искаков сотто башаламандык маалында бардык буйруктарды ага экс-президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абиш берип турганын айткан.

Назарбаевдин инисинин баласы Самат Абиш Январь окуяларынан кийин коопсуздук комитетинин башчысынын орун басарлыгынан бошотулган. 2022-жылдын июнь айында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Абиш тергөөнүн көз кырында экенин билдирген. Көп өтпөй Абиш «Карим Масимов жана башкалардын иши» боюнча күбө катары суракка чакырылганы маалым болгон.

Соңку ирет Абиш былтыр сентябрда Назарбаевдин дагы бир иниси Кайрат Сатыбалдынын сотунда коомчулукка көрүнгөн. Быйыл жайда Ulysmedia.kz басылмасы өз булактарына таянып, Абиш Алматыда «мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча тергөөгө жардам бергенин» жазган. Ал эми КазТАГ агенттиги Башкы прокуратурага таянуу менен Самат Абишке Казакстандан чыгууга тыюу салынганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG