Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Президент Жапаров: Бишкек АКШ менен Борбор Азиянын кызматташтыгын жактайт


АКШнын жана Кыргызстандын президенттери Жо Байден менен Садыр Жапаров. 19-сентябрь, 2023-жыл, Нью-Йорк.
АКШнын жана Кыргызстандын президенттери Жо Байден менен Садыр Жапаров. 19-сентябрь, 2023-жыл, Нью-Йорк.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу Бишкектин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

19-сентябрда Жапаров Нью-Йорктогу С5+1 саммитинде сүйлөгөндө бул формат өз ара түшүнүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы зарылдыгын белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров кен жана энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине да токтолуп, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде америкалык бизнестин региондогу өкүлчүлүгүн жактай турганын айтты.

"Биз "жашыл" экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча кеңири эл аралык кызматташууга даярбыз", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Борбор Азиядагы коопсуздукту Ооганстандагы кырдаалдан бөлүп талкуулоо мүмкүн эместигине да токтолду. Буга байланыштуу кыргыз тарап Ооганстанда тынчтык жана туруктуулук болушуна жана бул өлкө менен жакшы коңшулук алакаларды сактоого кызыкдар экендигин билдирди.

АКШнын жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин лидерлери катышкан алгачкы саммитти президент Жо Байден "тарыхый учур" деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG