Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Өзбек өкмөтү Сирияга кеткен алты жаранга издөө жарыялады


Өзбекстан Орусия аркылуу Сирияга өтүп, согушкерлердин катарына кошулган бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнө эл аралык издөө жарыялады. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү" жана "Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" беренелери менен соттолуп чыккан 54 жаштагы жаран аялы, үч уулу жана келини менен Орусияга кеткен.

Ал жактан "эл аралык террордук уюмдардын таасири менен" Сирияга жер которушканы айтылат. Үй-бүлө башчысы Сириядагы согушкерлерге ашпозчу болуп иштегени тууралуу маалымат бар.

Сентябрдын башында "Катибат ул Имам аль-Бухари" эл аралык террордук уюмунун негиздөөчүсү Улугбек Бобомуродов Сириядагы согуштук аракеттер учурунда каза болгону айтылган.

Буга чейин Сирия менен Иракта согушкерлердин катарына кеминде үч миң өзбекстандык кошулганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG