Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Reuters: Түркия Украинанын Орусия басып алган аймактарынан көмүр сатып алган


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркия 2023-жылдын февралынан июль айына чейин Украинанын Орусия көзөмөлдөп турган Донецк жана Луганск облустарынан 160 миң тоннага жакын көмүр сатып алганы тууралуу Reuters агенттиги иликтөө жарыялады.

Агенттик соода статистикасын анализдеп, түрк базарында Украинанын Орусия ээлеп алган аймактарынан көмүр жеткирүү менен алектенген бери дегенде эле 10 орус компаниясын тапкан. Көмүр Донецк жана Луганск облустарынан Ростов-на-Дону жана Новороссийск портторуна жеткирилип, андан ары жөнөтүлүп турганы белгиленген.

Сатып алуучулар катары Гонконгдо, Бириккен Араб Эмираттарында, Виргин аралдары менен Белиздеги офшор аймактарда катталган компаниялар көрсөтүлгөн. Журналисттер алардын артында ким турарын аныктай алган эмес.

Түркия АКШ же Евробиримдиктин өлкөлөрүнөн айырмаланып, согушта Орусия ээлеп алган украин аймактары менен соодалашууга чектөө киргизген эмес.

Азырынча украин, түрк жана орус аткаминерлери Reuters агенттигинин иликтөөсүнө комментарий бере элек.

Reuters сатылган көмүрдүн баасын 14,3 миллион долларга баалаган.

XS
SM
MD
LG