Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Кыргызстан-Иран кызматташтыгы талкууланды


Садыр Жапаров жана Ибрахим Раиси.
Садыр Жапаров жана Ибрахим Раиси.

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын алкагында Кыргызстан-Иран жолугушуусу өткөнүн 19-сентябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен сүйлөшүү жургүздү.

Эки жетекчи ортодогу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин, товар жүгүртүүнүн азыркы көлөмү төмөн болуп жатканын, өкмөт аралык комиссиянын ишин, инвестициялык алаканы активдештирүү керек экенин белгилешти.

“Жапаров логистика маселесин чечүү зарылдыгын белгилеп, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруунун маанисин белгиледи. Бул долбоор соода-экономикалык жактан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мындан тышкары президент кыргыз-иран өкмөт аралык биргелешкен комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, анын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылы негизделген, кийин Бишкекте жана Тегеранда элчиликтер ачылган. Ирандан Кыргызстанга негизинен кийим-кече, жаңгак, курулуш материалдарынын айрым түрлөрү келет, ал эми ал жакка Кыргызстандан эт, дан азыктары, болот импорттолот. (RK)

XS
SM
MD
LG