Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

HRW Байденди Борбор Азия лидерлери менен адам укугу маселесин талкуулоого чакырды


HRW уюмунун логосу.
HRW уюмунун логосу.

АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы Ассамлеясынын саммитинин алкагында Борбор Азия лидерлери менен жолугушууда бул аймактагы адам укугунун абалына көңүл бурушу керек. Бул тууралуу эл аралык Human Rights Watch уюмунун 19-сентябрдагы кайрылуусунда айтылат.

Анда бул аймактагы беш өлкөнүн лидерлеринин Жо Байден менен биринчи жолугушуусу болорун, Кошмо Штаттардын президенти Борбор Азиядагы адам укуктарына өзгөчө көңүл бурушу керектиги белгиленген.

Уюмдун Борбор Азия жана Европадагы адвокация боюнча директору Искра Кирова Орусия Украинага басып киргенден кийин Кошмо Штаттар менен Евробиримдик Борбор Азия менен алакасын бекемдөөгө аракеттенип жаткан маалда чөлкөмдөгү “мыйзам үстөмдүгүнүн жана адам укуктарынын негизги стандарттарынын" сакталышына көңүл бурушу керек экенин айтты.

“Байден саясий куугунтуктоо, сөз эркиндигин чектөө, полициянын кыйноолоруна жана мыкаачылыгына көз жумуп коюуну токтотуу боюнча так аракеттерин талап кылышы керек”, - деди Кирова.

Уюм Борбор Азиядагы адам укуктарынын бузулушу боюнча ар бир өлкөдөгү көйгөйлөрдү санаган. Кыргызстан тууралуу маалыматында өлкө “аймактагы жарандык коом жана эркин медиа үчүн ыңгайлуу деген статусунан тездик менен алыстап баратканы”, кыргыз бийлиги медиа менен жарандык коомдун ишин чектей турган бир катар мыйзам долбоорун даярдап жатканы айтылат.

Уюм буга “Анык эмес маалымат жөнүндө” жана “ЛГБТ пропагандасына” тыюу салган орусиялык үлгүдөгү мыйзамдын кабыл алынышын мисал кылган. Бул эки мыйзам тең бийликтин эркин медианын ишине кийлигишип, аларды чектөөгө алышына өбөлгө түзөт деп эсептейт.

Андан тышкары журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, эркин басылмалардын бири Kloop.kg басылмасына каршы сот иштери жана аны жабуу аракети бийликтин позициясы менен макул болбогондорго "кооптуу эскертүү" экени жазылган.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын саммитинин алкагында 19-сентябрда АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия лидерлери менен C5+1 форматында жолугат.

Президенттин кеңешчиси Жейк Салливан президенттердин катышуусунда мындай форматтагы саммит алгачкы жолу уюштурулуп жатканын айткан.

Анын айтымында, саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү, башкаруу жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адам укуктары жана сөз эркиндигине коркунуч жаралганын айтып, кыргыз бийлигин бул баалуулуктарды коргоого чакырып келет. Расмий Бишкек мындай дооматтарды четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG