Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Ташкент менен Вашингтон кызматташуу жаатында 12 документке кол коюшту


АКШ менен Өзбекстандын желектери
АКШ менен Өзбекстандын желектери

Өзбекстан менен АКШ кызматташуу жаатында 12 документке кол коюшту. Арасында энергетика, машина куруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айыл чарба, илимий-техника, медицина жана башка тармактарда продукцияларын өндүрүү боюнча макулдашуулар бар.

Ташкенттин расмий маалыматына ылайык, документтерге 15-сентябрда Вашингтондо өткөн өзбек-америка бизнес форумунда кол коюлган.

Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин, өнөр жай бирикмелеринин, коммерциялык банктарынын жана инвестициялык мекемелердин башчылары, АКШнын ири корпорацияларынын жетекчилери катышты.

Бизнес-форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШга сапарынын алдында өттү.

Мирзиёев Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясына катышуу үчүн 17-сентябрга караган түнү барды. Ал 19-сентябрда АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин C5+1 форматындагы жолугушуусуна катышат.

XS
SM
MD
LG