Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

ИИМ айып пулга кошулчу туумду алып салууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузуу үчүн салынган айып пулдарга кошулган туумдарды алып салууну сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде биринчи окууда каралып, жактырылды.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев мындай өзгөрүүгө жарандардан түшкөн кайрылуулар, өлкөдөгү социалдык абал эске алынганын билдирди.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов айып пулга кошулган туумдарды өндүрүп алуу оор экенин белгиледи.

“Туумдар виртуалдуу акча. Аны өндүрүүдө көп мүчүлүштүктөр бар. Муну алып салсак, бюджеттен да үнөмдөө болот, жарандарга да ыңгайлуу”, - деди Исраилов.

Депутат Элвира Сурабалдиева төрт жылда салынган айып пулдардан 30 миллион сомдук туум чыкса, аны өндүрүү үчүн өкмөт 122 миллион коротконун айтып, бул мыйзамды кабыл алуу керектигин сунуштады.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жол коопсуздук кызматкерлери салган айып пулдардын 7,1% тууму менен төлөнөт. Аны өндүрүп алуудагы чыгым канцеляриялык каражаттарга коротулат.

Жарандар айып пулду убагында төлөбөгөн учурда туумдарды кошуп төлөөгө милдеттендирүү 2019-жылы кабыл алынган Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Бул долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

Ал эми “Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

“Коопсуз шаар-2” долбоору пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын сотко берген.

XS
SM
MD
LG