Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Эл аралык сот Украинанын Орусияга каршы арызын карай баштайт


Гаагадагы Эл аралык соттун имараты.
Гаагадагы Эл аралык соттун имараты.

Гаагадагы Эл аралык сот 18-сентябрдан 27-сентябрга чейин Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча баштапкы угуулар болот. Киев Москва Украинадагы согуш ачып, Геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо жөнүндө эл аралык конвенциянын талаптары бузду деп айыптоодо.

Украина 2022-жылы 27-февралда, Орусия басып киргенден үч күн өткөндөн кийин Эл аралык сотко кайрылган. Сот буга чейин 32 өлкө Украинанын дооматына кошулууга укуктуу деп чечкен. Алар - Европанын дээрлик бардык мамлекеттери, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия. Кошмо Штаттар техникалык себептерден улам баш тарткан.

Баштапкы угуулар учурунда орус тарап бул иш боюнча Эл аралык соттун юрисдикциясы жок экенин далилдөөгө аракет кылышы мүмкүн экени айтылууда. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдин дооматтары негизсиз экенин билдирип келет.

Ошол эле Гаагада Эл аралык кылмыш соту жайгашкан. 2023-жылдын мартында Орусиянын президентин камакка алууга ордер берген ал сотту Москва тааныбайт.

XS
SM
MD
LG