Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Польша орусиялык номурлуу унааларды киргизбей турганын жарыялады


Польша менен Беларустун чек арасы.
Польша менен Беларустун чек арасы.

Польша Орусияда катталган унааларды өз аймагына киргизбейт. Мындай чектөө 17-сентябрдан тарта иштей баштады.

“Мындай чектөө буга чейин орусиялык жүк ташуучу унааларга киргизилген. Азыр биз бул маселени толук жабалы деп жатабыз. Бир дагы орусиялык автоунаа Польшага кирбейт. Бул баарына - коммерциялык багыттагы жана жеке унааларга да тиешелүү”, - деди Польшанын ички иштер министри Мариуш Каминьский.

Ал чектөө бир гана Орусиянын жарандарына эмес, орусиялык номур менен жүргөн башка өлкөнүн автоунааларына да тиешелүү экенин тактады.

Буга чейин Финляндия, Латвия, Эстония жана Литва өз аймагына орусиялык унааларды киргизбей турганын жарыялаган. Литва Калининградга өтө турган автоунааларга гана жеңилдик берген.

Ошентип Польша Евробиримдикте орусиялык унааларга чектөө киргизген соңку өлкө болуп калды.

8-сентябрда Еврокомиссия биримдикке мүчө өлкөлөр Орусиядан импорттоого тыюу салынган товарларды, унааларды жана орусиялыктардын буюм-тайымдарын киргизбей коюуга укугу бар экенин түшүндүргөн. Бир канча күндөн кийин ал түшүндүрмөгө тактоо киргизилип, бажы органдары биринчи кезекте унааларга көңүл бурушу керектиги айтылган.

XS
SM
MD
LG