Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан алынды


Чыңгыз Эшимбеков.
Чыңгыз Эшимбеков.

Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 18-сентябрда жарыялады.

Ушул эле күнү Руслан Бийбосунов Орусиянын Сибир жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулду.

Эшимбеков менен Бийбосунов бул кызматтарга 2019-жылы 17-сентябрда дайындалган.

Чыңгыз Эшимбеков ага чейин Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG