Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

"Манас" эл аралык аэропорту Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алды


"Манас" эл аралык аэропорту Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алды
"Манас" эл аралык аэропорту Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алды

"Манас" эл аралык аэропорту тарыхында алгачкы жолу өз каражатына учактарды сатып алганын маалымдады. Мекеме билдиргендей, учак өндүрүүчү De Haviland Aircraft of Canada компаниясынан эки Dash-8-400 учагын сатып алуу тууралуу келишимге кол коюу иш-чарасы 10-сентябрда Брюсселде өттү.

Бул окуя Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам экени, аталган учактар ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө, шаарлар ортосундагы байланышты жеткиликтүү кылууга жана жол убактысын кыскартууга мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

"Бул келишим Кыргызстандагы жарандык авиациясын өнүктүрүүдөгү негизги кадам болду деп эсептейм. Аталган учактар биздин ички каттам түйүндөрүбүздү кеңейтүүгө, шаарларыбыздын алакасын жеткиликтүү кылууга жана алардын ортосундагы жол убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет", - деп жазды аэропорттун жетекчиси Манасбек Самидинов өзүнүн Фейсбук баракчасына.

Канадалык компания эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип берет. Ага чейин аларды Кыргызстандын мыйзамдарына жана жарандык авиация талаптарына ылайык модификациялоо иштери жүргүзүлөт.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.

Соңку эсепте Кыргызстанда каттоодон өткөн учактардын көбү бузулуп, үчтөн бири гана колдонууга жарай турганы айтылган.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европа Биримдигинин "кара тизмесине" кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG