Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

ТИМ Москвадагы өлүм боюнча ишти өзгөчө көзөмөлүнө алды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада киши колдуу болгон, кыргыз жараны деп айтылып жаткан адамдын өлүмүн териштирүү ишин өзгөчө көзөмөлгө алганын 13-сентябрда Орусиядагы элчилик билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуяга байланыштуу Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин («Киши өлтүрүү») негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Элчилик расмий маалымат алуу үчүн Орусиянын Тергөө комитетинин аймактык бөлүмүнө кайрылганы, Москвадагы сейил бактардын биринде сөөгү табылган киши ким экенин жана анын жарандыгын тактоо иштерине катышып жатканы маалымдалды.

Окуя 12-сентябрда Москванын Фестивальная көчөсүндө болгон. Орусиялык маалымат каражаттары билдиргендей, ал күнү шаарда башы кесилген эки кишинин сөөгү табылган – бири батирде, экинчиси жакын жердеги сейил бакта.

Сейил бакта табылган маркум Кыргызстандан барган 25 жаштагы жигит болгону, ал эми батирде өлтүрүлгөн киши 56 жаштагы бурятиялык дарыгер экени айтылууда.

Кылмышка шектелип 22 жаштагы өзбекстандык кармалды. Ал Орусияга 10-сентябрда барганы, ар кайсы майда жумуштарда иштеп жүргөнү, бычакталган эки киши менен Telegram аркылуу таанышканы, аны полиция бурятиялык киши менен бирге батирге кирип жатканда үйдүн көзөмөл камерасына түшүп калган видеодон аныктап тапканы маалымдалды.

Айрым кабарлар боюнча, шектүү жетим болгондуктан туугандарынын колунда чоңойгон жана зордуктоого кабылып жашап келген.

XS
SM
MD
LG