Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Таластагы абакта кум кыш чыгаруучу цех ачылды


Таластагы №39 жатак-абагында ачылган кум кыш (пескоблок) чыгаруучу цех.
Таластагы №39 жатак-абагында ачылган кум кыш (пескоблок) чыгаруучу цех.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Таластагы №39 жатак-абагында кум кыш (пескоблок) чыгаруучу цех ачылып, соттолуучулар иш менен камсыз болушту. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Цехтин ачылыш аземине Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын, цехти курууга көмөктөшкөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, администрация жана мекеменин өздүк курамы катышты.

Учурда жазык-аткаруу тутумундагы мекемелерде айыл чарба, азык-түлүк, чарбалык жана тиричилик товарларын өндүрүү, кызмат көрсөтүү боюнча 57 өндүрүштүк аймак бар. Таластагы цехти кошкондо анын 20сы акыркы үч жылдын ичинде ар кандай уюмдардын көмөгү менен уюшулду.

Абактардагы цехтерде жана ушул сыяктуу өндүрүштүк жайларда өндүрүлгөн нан, сүт, тооктун жумурткасы, эт, картошка жана башка жашылчалар Жаза аткаруу мекемесинин жабык жайларынын муктаждыктарын 90-100% жабат. Алардын соңку таза пайда 87,5 млн сомду түзгөн. Бул каражаттар кайра соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу үчүн жумшалат.

Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде ар кандай кылмыштуулук менен соттолгон алты миңден ашуун адам жаза өтөп жатат. Учурда алардын миңден ашыгы абактардын ичиндеги өндүрүштүк аймактарда эмгек менен камсыз болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG