Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Баткенде көмүрдү мыйзамсыз экспорттоого шектүү топ кармалды


Баткенде көмүрдү мыйзамсыз экспорттоого байланыштуу кармалгандар. УКМК тараткан сүрөт.
Баткенде көмүрдү мыйзамсыз экспорттоого байланыштуу кармалгандар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишкердик субъекттерине көмүрдү мыйзамсыз сатууга жана экспорттоого көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схеманы аныктап, беш кишини кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 14-сентябрда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мекеме 11-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш ишин козгоп, сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды тинтүү жана кармоо иштерин жүргүзгөн.

Иликтөөдө мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдары ар кайсы ишкерлерге жүк ташуу документтеринде көмүрдүн наркын базар баасынан 3-5 эсе төмөн көрсөтүүгө жардам берип, анын түрдүү сортторун (БК, БР, БСШ жана БШ) мыйзамсыз экспорттоосуна мүмкүнчүлүк түзүп берип турганы такталган.

Ишкерлер экспорттук декларацияны жасалмалоо үчүн ортомчуларга 300 доллардан берип, андан кийин кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө 1-2 миң сомду мыйзамсыз берип, Кыргызстандын чегинен тышкары тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөнү аныкталган. Мунун натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетине системалуу түрдө түшпөй келгени маалым болгон.

УКМКнын кызматкерлери “Ак-Булак көмүр”, “Кен-Ордо”, “Нур”, “Рио Групп”, “Нуркен”, “Ахмад-Кен”, “Ормон”, “Кен-Сити”, “Сары-Челек Сүлүктү” ишкердик субъектилеринде, Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгында, “Кызыл-Кыя – автожол”, “Кызыл-Кыя – темир жол” көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, 3 алмашуу бюросунда, 6 коммерциялык уюмда, шектүүлөр жашаган жерде кармоо жана тинтүү иштерин жүргүзгөн.

Жыйынтыгында “Кызыл-Кыя-Авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, “Баткен” бажысынын “Кызыл-Кыя” темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы, “Имамидинов Экспорт” фирмасынын жетекчиси жана “А.Б.Б.” жеке ишкердик субъекттин негиздөөчүсү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон. Тынымсыз экспорттун айынан Кыргызстандын өзүнүн аймагында көмүрдүн баасы жогорулаган. Аталган аймактардан көмүр негизинен Өзбекстанга сатылат.

Министрлер кабинети 8-сентябрда Кыргызстанда автожол аркылуу сыртка көмүр ташып чыгып экспорттоого алты айга тыюу салган. Мындай чектөө “Эркеч-Там” жана “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пункттарына жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердигине тиешеси жок экени белгиленген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG