Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Парламент Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүү маселесин карайт


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеш “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышынын жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин карайт. Депутат Гуля Кожокулова аталган фракциянын чечими бар экенин, комиссия түзүү сунушу буга чейин спикерге берилгенин айтты. Маселе күн тартибине үчүнчү болуп киргизилгенин Кожокулова "Азаттыкка" билдирди.

Эл өкүлү депутаттык комиссия түзүү тууралуу демилгени Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында көтөргөн. Бирок парламенттин регламенти боюнча фракциянын чечими керек деген жүйө менен маселе отурумдун күн тартибине киргизилген эмес.

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында депутат Кожокулова бул иш боюнча күч органдарынын жетекчилерин чакырып, маалымат алууну сунуштаган эле.

ИИМ 2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Адвокаттар буга каршы шаардык сотко даттанышкан.

Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Башкы көзөмөл органынынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Сөз болгон протоколго байланыштуу ал былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG