Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:09

УКМК курал жана ок-дары сакталган жай табылганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, курал-жарак уюшкан кылмыштуу топтордун жана террордук уюмдардын ишмердигине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылган. Ал жерден табылган тапанча (револьвер), эки даана мергенчиликтин жылмакай сайлуу мылтыктар (арааланган мылтык), алты даана 9 мм калибрлүү патрондор алынды.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

ИИМдин маалыматына ылайык, азыр 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер.

Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG