Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:22

"Камызякинин" концертине каршы петицияга 10 миңден ашык киши кол койду


Азамат Мусагалиев
Азамат Мусагалиев

Казакстандагы социалдык тармактардын колдонуучулары "Камызяки" тобунун Астана менен Алматы калааларында өтө турган концерттерине тыюу салууга чакырып, кол топтой башташты. Буга топтун жетекчиси Орусиянын жараны, этностук казак Азамат Мусагалиевдин Орусия аннексиялап Украинанын Донецк облусунда концерт коюшу түрткү болду. Ал иш-чарада орусиялык аскерлерди жана согушту колдогон маанидеги ырды аткарган.

ALASH online сайтында жарыяланган петицияга кол койгондордун саны он миңден ашкан.

"Биз, казакстандыктар Украинанын эгемендигин колдойбуз жана ага каршы агрессияны жактаган адамдарды өлкөбүздө көргүбүз келбейт", - дейт петициянын автору Ирина Торопова.

"Камызяки" тобунун концерти 5-октябрда "Алматы арена" сарайында, ал эми 7-8-октябрда Астанадагы Конгресс холлдо өтөрү белгиленген.

Петицияда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2022-жылы Орусиянын лидери Владимир Путиндин катышуусунда өткөн Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда Украинанын чыгышындагы "ДНР" жана "ЛНР" жикчил аймактарын "Казакстан тааныбай турганын" айтканы белгиленген.

Буга чейин коомдун талабы менен Казакстанда согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.

XS
SM
MD
LG