Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Жогорку Кеңеш үч министрди кызматка дайындоого макул болду


Гүлнара Баатырова, Алымкадыр Бейшеналиев жана Нурия Кутнаева.
Гүлнара Баатырова, Алымкадыр Бейшеналиев жана Нурия Кутнаева.

13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри жана Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды.

Президенттин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер боюнча маалымат берди.

Андан соң депутаттар министрлердин тармактарына тиешелүү түрдүү суроолорду берип, кошумча сунуштарын келтиришти. Айрымдары талапкерлер боюнча сын-пикирлерин да айтышты.

Ушул эле министрлерди кызматка дайындоо маселесин тармактык комитеттер 12-сентябрда карап, колдоп берген.

Президент Садыр Жапаровдун 7-сентябрдагы жарлыктары менен өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Анда билим берүү жана илим министри болуп алты айдан бери иштеп жаткан Каныбек Иманалиев "жүктөлгөн милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбаган" деген негизде иштен алынган.

Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган, анын ордуна ага чейин саламаттык сактоо министри болуп турган Гүлнара Баатырова милдетин аткаруучу, Баатырованын ордуна буга чейинки саламаттык сактоо министри, коррупцияга байланыштуу камакка алынып кайра чыккан Алымкадыр Бейшеналиев келген.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматынан бошотулуп, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси болуп дайындалган. Санарип өнүктүрүү министрлигине Нурия Кутнаева убактылуу жетекчи болуп бекиди. Ал буга чейин Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттикти башкарган. Мекемеге Алмамбет Касымбеков жетекчи болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG