Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


14-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарындын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын болбойт. Кечке жуук жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG