Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сурады.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирди.

"Кандайдыр бир эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөр менен айткан болсом бүгүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сурайм".

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Байсаловдун сөздөрү боюнча президент менен сүйлөшкөнүн, депутаттардан кечирим сурай турганын жана дагы бир жолу парламенттин беделине шек келтирсе, кызматтан кетерин белгилегенин айтты.

Буга чейин бир нече депутат Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылган.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу Эдил Байсаловдун отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Демилгенин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. (MKt)

XS
SM
MD
LG