Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

АКШ элчилиги Болот Темировго байланыштуу сот чечимине кабатырлыгын билдирди


Болот Темиров. Архивдик сүрөт.
Болот Темиров. Архивдик сүрөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги иликтөөчү журналист Болот Темировго каршы өкүм Жогорку Сотто да колдоо тапканына байланыштуу билдирүү таратты. 12-сентябрда жарыяланган билдирүүдө Жогорку Соттун Темировдун апелляциясын канааттандыруудан баш тартып, мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырганы капалантары белгиленди.

“Коррупцияга каршы күрөштө эркин медиа өкүлдөрү маанилүү – аларды жазалоо эмес, коргоо керек. Америка Кошмо Штаттары басма сөз эркиндигин туу тутуп, Кыргыз Республикасындагы көз каранды эмес маалымат каражаттарын колдоону уланта берет”, - деп белгиленди элчиликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын Жогорку Соту 12-сентябрда Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча маселени карап, Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин күчүндө калтырган. Прокурор аларды мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептеп, күчүндө калтырууну суранган. Ал эми адвокаттар жокко чыгарып, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу журналистти актоону өтүнүшкөн. Алар ошондой Темировду Кыргызстандын жараны деп табууну талап кылышкан.

Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган. Ушул эле өкүмдү кийин Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын "анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды" деп түшүндүргөн. Журналист өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.

2022-жылдын январында Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылып келатканын бир катар эл аралык уюмдар белгилеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG